Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жарандарды оор  кырдаалдарга даярданууга үндөдү. Партиялык конференцияда ал учурдагы өлкөнүн  абалын  3 миллионго чейин адамдын өмүрүн алган, 1990-жылдардагы ачарчылыкка салыштырды.

Би-Би-Синин маалыматына ылайык, мындай кырдаалдын себеби, коронавирус пандемиясына байланыштуу жабылган чек аралардан улам Кытай менен соода жүгүртүүнүн дээрлик толугу менен токтоп калганы жана Пхеньяндын ядердик программасына байланыштуу эл аралык санкциялары.

Түндүк Кореядагы БУУнун Адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Томас Оджеа Кинтана өткөн айда тамак-аш жетишсиздигине жана ачкачылыкка алып келүүчү катуу азык-түлүк кризиси жөнүндө эскерткен.

«Ачкачылыктан каза болгон учурлар, ошондой эле үй-бүлөлөрү аларды бага албагандыктан, кайыр сурап жаткан балдардын жана кары-картаңдардын көбөйгөндүгү жөнүндө маалыматтар айтылды», — деп жазган ал өз докладында.

Учурда өлкөдө кандайдыр бир жардам алынып жатабы белгисиз. Түндүк Корея тышкы жардамдын бардык сунуштарын четке кагып, дээрлик бардык дипломаттар жана гуманитардык кызматкерлер, анын ичинде БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кызматкерлери дагы өлкөдөн чыгып кетишти.

Анын үстүнө, Түндүк Корея өткөн жайда эки жолу катуу бороонго кабылган. Алар суу ташкындарын пайда кылып, эгиндерди кыйратып, азык-түлүк жетишсиздигине алып келди.