Референдум жана жергиликтүү шайлоолор өлкөнү олуттуу өзгөрүүгө дуушар кылат, башкаруу институтун өзгөртөт жана бийликтин бүткүл катмарын башынан курат. Президенттин таасири жогорулап, парламент алсызданат. Бирок ошону менен эле бирге жергиликтүү бийлик органдары алардын арасына таасирдүү саясатчылардын келиши менен таасири жогорулайт.

Жергиликтүү кеңештерге талапкерлер адатка айланып калган нерселерин аткарышып, шаардын ар кайсы женрлерине баннерлерин илишип, шаарды көйгөйдөн арылтабыз деген сыяктуу ураандарды жазышты. Шайлоо кампаниясы дегенде акчаны эч ким аяган жок, Кыргызстанда жергиликтүү бийликке мынчалык жутунуу мурда болгон эмес.

Жергиликтүү шщайлоолор менен катар Конституцияга түзөтүү киргизүүгө референдум да болгону турат, ага ылайык парламенттин таасири азайып, депутаттардын саны да бир кыйла азаят. Бийликтин вакуумун президент толтурганы турат, өлкөнү тартипке келтирип, стабилдүүлүк жана экономикалык өсүш менен камсыздайт.

 «Ритму Евразии» басылмасына берген маегинде Бишкектик саясатчы Бакыт Бакетаев 11- апрелден кийин Кыргызстанды өзгөрүүлөр күтүп тураарын айтты.

– Бакыт Кушбекович, Конституцияга болгон түзөтүүлөрдүн арты кандай болуп бүтөт деп ойлойсуз?

– Референдумда көпчүлүк эл түзөтүүгө макул деген добуш берээрин түшүнүү үчүн көзү ачык болуштун деле кереги жок. Анткени шаардын бир аз бөлүгү, саясатчылар, журналисттер гана бул конституцияны окушпаса, калган көпчүлүк эл аны көргөн да жок.

Азыр Президент Садыр Жапаровдун мурункуцдай эле эл арасында кадыр баркы зор. Эл ага үмүт артып жатат, менин көз карашымда, шайлоочулар Башмыйзамды өзгөртүүгө макул болушат.

Азыр болуп жаткан окуялар мага Чилидеги Пиночеттин убагын эске салып жатат. Ал өзүнүн досу Камчыбек Ташиев экөө кара күчкө салып Кыргызстанды бай жана өнүккөн өлкө кылабыз деп жатат.

Бул нерсеге жетүү үчүн эч кандай парламентаризмге, коомдук пикирге, коомдук түшүнүккө ишеним артпаш керек. Азыр Кыргызстанды ал сыяктуу абстракттуу нерселерге үмүт жок. Биздин келечегибиз ачыгын айтсак – бул жакшы максатка негизделген диктаторлук Конституция.

Ошондуктан Жапаров менен Ташиев Кыргызстанды ортоазиялык  келечекте либералдык, бай, эркин Чили кылууну чечишти. Бирок албетте, Пиночет бийликке кандуу жол менен келди, ошондуктан анын жаман жактарын эскерүү керек эмес. Бир гана жакшы жактарынан үлгү алышыбыз керек.

– Кыргызстанда дайыма күчтүү оппозиция болгон, мындай башкаруунун түрүнө башка саясатчылар кандай карашат?

– Бул суроого азырынча жооп жок. Азырынча түшүнүксүз, биздин саясий жана бизнес элитабыз азырынча белги бере элек. Ошондой болсо да бүгүнкү күндө референдум колдоо табат деген үмүт бар. Эми мындан ары экономикалык саясат кандай өнүгөөрүнө байкоо салып карап туруу гана калды. Эгерде бизнес-элита ыраазы боло турган болсо, анда эл да каршылык кылбайт.

Мен өзүм жеке Президент, же Ташиев менен жоолуга элекмин. Ошондуктан мен алардын пландарын билбейм, эгер айтсам ал жоромолдоо гана болуп калат. Менин оюмча, алар диктаторлук режим менен өлкөнү беш-он жыл башкарууну көздөшүүдө. Андан соң гана кандайдыр бир либералдык нерселерге жол беришет.

Жаңы Конституция боюнча баарына президент буйрук берет. Ага парламент да, жергиликтүү бийлик да, өкмөт да теңтайлаша албайт. Ошентип, Жапаров мүмкүн болгон өлкөдөгү рычагдын баарын өз колуна топтоп алат. Бардык министрликтер, мекемелер, бизнес-чөйрөдөгүлөр, саясий чөйрөнүн баары президенттин айтканы менен болот. Бул тууралуу ал өзү да ачык айтты. Кимдир бирөөнүн атына жамынбай баарын өзүм чечем деди.

Мурда президенттер парламенттин демократиясына жамынып алып, соттор көз карандысыз демиш болуп иш алып барышчу. Дүйнөлүк саясий практикада Жапаров кандайдыр бир нерселери менен Пиночетти эске салат, натыйжада азыр Чили мамлекети Түштүк Америкадагы өнүккөн өлкөлөрдүн бири.

Ал эми алар Ташиев экөө кырдаалды жөнгө салып кете алабы деген суроого жооп жок бойдон калууда. Анткенде Кыргызстанды чечимди жалпы чогулуп чечүү салты бар.

– Референдум менен эле катар Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо болот. Бул шайлоо эмнеси менен маанилүү, эмнеге элдин баары буга жулунуп жатышат?

– Бул шайлоонун эч кандай деле мааниси жок, талапкерлер өздөрү деле билбейт аларга эмне керек экендигин. Болгону алар бир нерсе чечкенге жарайбыз деп ойлоп жатышат. Чын чынына келгенде алар эчтеке чечпейт, баарын президенттин администрациясы чечет. А эмнеге эле алар шаар кеңешине жулунуп жатканы түшүнүксүз, а балким мурдагы инерция боюнчадыр. Балким кандайдыр бир майда-чүйдө маселелерди чечебиз деп жатышса керек, же дагы бир бизнестеги кызыкчылыктары бардыр.

Ал эми кээ бир ири партияларды карап турсаң, алар тек гана парламенттик шайлоонун алдында машыгып үйрөнүп жатышкан сыяктуу. Ошондуктан алар өз кадрларын жергиликтүү органдарга кийирип калууга жан талашып жатышат. Ошентип алар электоратка ээ болуп күч топтоп алат.

Ошондо бул жергиликтүү шайлоо кампаниялары келечекте парламентти бутага алып жатат. Анткени менен жогоруда айтып өткөндөй партиялар эшектин тушоосун да чече албайт, анткени чыныгы бийлик президентте болот.

– Шайлоодон кийин башаламандык болот деген чочулоолор пайда болуп жатат, анткени “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын административдик ресурсту колдонгондугу тууралуу бир катар партиялар айыптап чыгышты.

– Бул шайлоодо административдик эмес каржылык ресурстар иштейт бейм. Сатып алуулар болот, партиялардан белектер болот. Эл ошого көнгөн. Элдин аз гана бөлүгү саясий көз карашы менен шайлайт. Калгандары бир аз акча алып демөөчү болгон партиясын шайлайт.

Мурдагыдай колдоно турган административдик ресурс азыр жок. Президенттин администрациясына жакындыгы бар партиялар өздөрүнүн жеке байланыштары бар экендигине гана дем байлашат. Ал эми муну администртивдик ресурс деп атоого болобу? Антип айтыш кыйын.

-Эгерде башаламандык тууралуу айта турган болсок, анда көзгө көрүнөрлүк деле себеп жок. Бир нерсе боло турган болсо эмдигиче элдин баары билишмек да ал тууралуу. – Бирок ал нерсени каалабайт элем мен.

Дагы бир Кыргызстандагы саясат талдоочу Денис Бердаков жаңы Конституция акыркы он жылдыктын жыйынтыгы деп эсептейт.

– Денис Михайлович, кыргызстандыктарды өзгөргөн жаңы Конституциядан кийин эмне күтүп жатат?

–Биринчи кезекте президенттин бийлигин чыңдаган бир катар өзгөрүүлөр болот. Бийлик институтттарынын тең салмактуулугунда олуттуу өткөөл мезгил болот, андан ары жаңы Конституцияга ылайыктап мыйзамдарды  өзгөртүп жазуу жараяны башталат.

Бул Кыргызстандагы отуз жылдык саясатынын мыйзам ченемдүү жыйынтыгы болуп саналат. Биз бул жолу президенттик башкаруу гана тез жана сапаттуу өнүгүүгө болгон мүмкүнчүлүк экендигин түшүндүк. Азыркы тарыхы кырдаалда президенттик бийликти күчтөө талашсыз боло тургшан нерсе. Мен бул нерсенин жакшы жагын гана көрүп турам.

Өлкөгө баарынан да азыр тынчтык керек. Стабилдүүлүк орносо гана бизге инвесторлор келишет. Аларсыз экономикалык өсүш тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Ансыз айлыктын жогорулашы, бюджеттин толушу тууралу сөз кылууга да болбойт. Инвестор кандайдыр бир бийликтин институтунун гарантиясы аркылуу гана кирет өлкөгө. Ал эми ал институт бул учурда президент.

Бул реформа дүйнөлүк каатчылык болуп жаткан учурга туш келип жаткандыгын эске алышыбыз керек. Былтыр пандемия учурунда биз түпкүргө түшүп кеттик, эми андан эки-үч жылсыз чыгып кетүү кыйын.

Социологиялык сурамжылоолорго ылайык, элдер үчүн экономика саясаттын натыйжасында келип чыгат. Ошондуктан, баары экономика менен алек болуп жаткан учурда саясий институттардын системасын кайра куруп алууга убакыт бар. Келечекте кризистен чыгуу үчүн аракет башталганда жаңы бийликтин институттары ишке жарайбы же жокпу деген суроо турат.

Ошондой эле  маалымат саясатында да олуттуу өзгөрүү болот.

Ар кандай агымдагы баалуулуктардын кагылышы болот. Бир тарабында улуттук баалуулуктар, салттуу маданият болсо, экинчи тарабында жүрүш-туруштун жаңыча түрү, үй бүлөнүн жаңыча тутуму болуп, ортодо терең карама каршылыктар болот. Бул нерсе дүйнөлүк көйгөй. Ага жооп кылып Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизген патриоттук, биздин саясатты колдогон баалуулуктар турат.

– Жергиликтүү шайлоолордун кандай өзгөчөлүгү бар? Эмне үчүн белгилүү саясатчылардын баары жергиликтүү бийлик органдарына депутат болгонду самап жатышат?

– биринчиден, бул Жогорку Кеңештин ыйгарым укугунун азайышы. Мурункудай Жогорку Кеңеш акчанын агымын көзөмөлдөп, өкмөттү түзө албайт. Жогорку Кеңештин депутатынын макамы да ылдыйлайт. Ошондуктан бардык олуттуу бизнестер жергиликтүү кеңешке өтүп жатат. Алардын ал жакта кеңири ыйгарым укуктары болот жана шаардын мэрин шайлашат. Мурда парламентте жүргөндөр да эми бир тепкичке ылдый түшкөнгө аргасыз болуп жатышат, анткени жем жечү акур ошол жакта.

-Экинчи бир дагы себеби, бийликтин кандайдыр бир колдогон партиясы жок. Шайлоодо системалык административдик ресурс жок. Ар бир партия өз көмөчүнө күл тартат. Кыскасы, көпчүлүк партиялардын өздөрүнүн колдонуучу ресурстары бар, ал эми мамлекеттик машина кандайдыр бир партия үчүн иштебейт.

Бул нерсе болуп көрбөгөндөй атаандаштыкты пайда кылды. Шайлоо кампаниясында акча чечүүчү күчкө айланат. Айыгышкан кармашуу болот.

– 11-апрелде башаламандык болушу мүмкүнбү?

-Ал эми парламенттик шайлоонун убагында кызыктын баары башталат, күндөн күнгө тез жана татааал саясий чечимдерге тушугуп жатабыз.