Ысык-Көл районунун Бает айылында жаңы бала бакча курулду. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, имараттын курулушуна 25 миллион 437 миң 342 сом жумшалган. Анын ичинде 6 миллиону фонд тарабынан бөлүнгөн. Ошондой эле, 1 миллион 240 миң сомго керектүү эмерек жана шаймандар сатылып алынган. Бала бакча 100 орунга ылайыкталып, балдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Буга чейин Ак-Суу районунун Челпек айылында мектепке чейинки билим берүү мекемеси 4 миллион 285 миң сомго оңдолгону маалымдалган.