КУУнун башкы имараттагы К.Ш.Токтомаматов атындагы санариптик технологиялар борборунда Кыргызстандын көрүнүктүү тарыхчысы, КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор Эралиев Закирбек Эралиевичтин 80 жылдык мааракесине (1940-2010) арналган республикалык илимий-практикалык конференция жана анын жаркын элесине арналган “Даркан илимпоз” аттуу китептин бет ачары болуп өттү.
        
Жыйынды КУУнун ректору Канат Садыков ачып, Закирбек Эралиевичтин Улутук университетке Жусуп Баласагындын ысымын ыйгарууда кошкон салымын белгилөө менен, окумуштуу тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүштү.
Тарыхчы-окумуштуунун 80 жылдык мааракесине арналган видео тасма көрсөтүлгөн соң, “Даркан илимпоз” аттуу китептин түзүүчүсү, т.и.д., профессор Ташманбет Кененсариев сөз сүйлөп, китептин жазылуу себептери, структурасы жана мазмуну жөнүндө айтып берди.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандагы белгилүү окумуштуулар жана кесиптештери Закирбек Эралиев тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүштү:
• А.А.Асанканов — УИАнын Б.Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору, т.и.д., профессор;
• К.С.Молдокасымов — КР Президентинин аппаратына караштуу “Мурас” фондунун терагасы, т.и.к., доцент;
• Ж.Ж.Жакыпбеков — Кыргызстан тарыхы кафедрасынын профессору, т.и.д.;
• Ж.К.Момбекова — Кыргызстан тарыхы кафедрасынын профессору, т.и.к.;
• М.Исабекова — Жалпы тарых кафедрасынын доценти, т.и.к.;
• Т.Б.Шейшеканов — Жалпы тарых кафедрасынын доценти, т.и.к.;
• А.Р.Бикбулатова — Археология, этнология, тарыхнаама жана тарыхый информатика кафедрасынын профессору, т.и.д.;
• Ж.О.Омурова — Чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын башчысы, т.и.к., профессор;
• Р.Жолдошев — Жалпы тарых кафедрасынын доценти, т.и.к.;
• С.А.Арзыгулова — Кыргызстан тарыхы кафедрасынын ага окутуучусу.
Закирбек Эралиевдин үй-булөсүнүн жана туугандарынын атынан окумуштуунун иниси Ы.Э.Эралиев сөз сүйлөп, окумуштууларга, кесиптештерине жана иш чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.