Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева коронавируска каршы эмдөө алды. Ага Кытайдан келген «Синофарм» вакцинасы сайылды. Бул тууралуу  АКИpress агенттиги  жазды.

Эмдөө пункту ачылган №7 бейтапканага бүгүн вакцина алуу үчүн жалгыз Роза Отунбаева келген. Ал Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнүн жүрүшүнө нааразычылыгын билдирди.

Медиктер ага иш күндөрү 30га жакын адам келип жатканын билдиришти.

Экс-президент калкты вакцина алууга активдүүрөөк катышууга үндөп, Саламаттыкты сактоо министрлигине бул багытта маалыматтык иштерди күчөтүү кеңешин берди.

«Мамлекеттик каналдар эмдөө тууралуу роликтерди депутаттарды көрсөткөндөй эле тынбай көрсөтүп турсун. Мен эмдөөдөн өтүш үчүн өзүм келдим, эч ким чакырган жок. Элди чакырыш керек», — деди ал саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматулаевге.