“Падыша бол, кайырчы бол, баари бир, өлүм үчүн бирдей сенин катарың” – деп, өз мезгилинде чыгыштын улуу ойчул акыны Омар Хайям айтып кеткен экен. Анын сыңарындай, кечээ эле арабызда аман-эсен жүргөн канчалаган айжаркын инсандар бүгүн катарыбызда жок. Лейлек жергеси үчүн атан төөдөй иштерди жасап, бирок мезгилинен эрте кетип калган Сейдалиев Сагынбек инибиз да ошолордун катарында экени кабыргаларды кайыштырбай койбойт…
   
Маркум Сагынбектин “Инсан–Лейлек” аттуу китеби өз мезгилинде эл-жерине кеңири маалым болбой калган Лейлек элинин чыныгы мекенчил уулу, мамлекеттик жана коомдук-саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын өнүгүп-өрүш алуусу, район, шаарлардын түзүлүшү, өлкөбүздөгү өндүрүштүк ишканалардын оожалышы ж.б. бараандуу иштерде өзүнүн үлкөн үлүш, бараандуу салымын кошкон чоң атасы – Шерали Сейдалиевдин жаркын элесине арналган.
Ушул китептин бет ачары, автордун кичи мекени болгон Кара-Булак айылындагы “Кара-Булак” орто мектебинде зор салтанат, шаани-шарапаты менен белгиленди. Бул күнү Сагынбек инибиздин демилгеси, анын жазган долбоорунун негизинде курулган 1 мектеп, 2 бала бакчалары жана анын ысымына коюлган 1 класстык каананын ачылыш аземи болуп, ага аймагыбыздын ардактуу аксакалдары, район жетекчилери менен айылдын эли жана каарманыбыздын жакын санаалаш достору, курбу-курдаштары катышты.
Уюштуруучулар тарабынан сөөгү алыскы Токтогул районунун Үч-Терек айылында калган (ошол кезде Токтогул районунун райондук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеп турган) Шералы Сейдалиев жана Сагынбек Сейдалиевдин жаркын элестерине арналган докладдар окулуп, Сагынбек бир кезде окуткан, азыр ааламдын ар кайсыл бурчунда жүрүшкөн окуучуларынын видео-эскерүүлөрү тартууланды.
Жүрөктөрдү толкундаткан, жаштарыбызды жакшы иштерге үндөгөн маараке соңунда “Тарых элестери сүрөттөрдө” аттуу сүрөттөр сынагынын жана “Бабам баскан бараандуу жол” аттуу дил-баяндар сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан баалуу белектер ыйгарылып, сый-урмат көрсөтүлдү.
Абдиллабек АВАЗОВ, акын, журналист.