Вице-премьер-министр Улукбек Кармышаков брифингдин жүрүшүндө жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдум ийгиликтүү өткөндүгүн билдирди.

Ал Кыргызстанда саат 20:00дө баардык шайлоо участкалары жабылып, шайлоо кампаниясы аяктагандыгын айтты.

«Негизинен шайлоо өнөктүгү жана референдум республикалык штаб тарабынан бекитилген планга ылайык, жакшы уюшкандыкта жүргүзүлдү. Белгилүү болгондой, Өкмөт үйүндө эртең мененки саат 07:30дан кечки саат 20:00гө чейин кол-борбор өз ишин алып барды», — дейт ал.

Кармышаков кошумчалагандай, бул шайлоодо одоно мыйзам бузуу фактылары катталган жок.

«Техникалык маселелер боюнча кайрылуулар болуп жатты. Алдын ала маалыматка караганда, референдумда добуш бергендердин саны 30%дан ашты. Демек, бул референдум өттү дегенди билдирет. Бийлик тарабынан админресурс колдонгон фактылар жок деп терең ишенем. Жалпысынан шайлоо жана референдум ийгиликтүү өттү», — деп баса белгиледи ал.