Ички иштер министрлиги Россия Федерациясынын аймагында жасалма документтерди колдонгондорго карата кылмыш жоопкерчилиги жана жазасы каралганын эскертет, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

 

Маалыматка ылайык, акыркы убакытта Россия Федерациясынын аймагында эмгектенип жүргөн КР жарандарынын арасында жасалма жол менен жасалган ID карта жана айдоочулук күбөлүктөрдү колдонгондугу үчүн кармалган учурлар көбөйүүдө.

“Биздин кээ бир мекендештер документтерин жоготуп алып, же мөөнөтү бүтүп калып жана башка ар кандай себептер менен мыйзамдуу жол менен жасоодон жалкоолонуп, жасалма документтерди жасатып жатышат. Жасалма документтерди колдонуп жүрсөңүз, анда сиздин кыймыл-аракетиңизде Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин беренелерине ылайык, кылмыш жоопкерчилиги жана жазасы каралгандыгын эскертебиз.

Ошондуктан, ар бир жаран өзүнүн документтерин жоготкон учурда, токтоосуз ошол жердин райондук полиция бөлүмүнө арыз менен кайрылып, документтерди жоготкондугу тууралуу тактаманы алгандан кийин, Россия Федерациясынын аймагында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Консулдук бөлүмдөрүнө кайрылып, тийиштүү документтерди мыйзамдуу жол менен алуу зарыл. Эгерде сизге жасалма жол менен жасалган документтерди сунуштаган учурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнө кайрылсңыздар болот”, — деп айтылат билдирүүдө.