Белгилүү журналист, КТРКнын «Мээрим» программасынын автору Бактыгүл Момбекова бул тууралуу Facebook социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүдөй билдирүү калтырган:
«Саясат саясаты менен эл деле тажагандай. Бирок саясатсыз мамлекет болбойт экен. Ошого карабай мен өзүбүздүн эмгек жана биздин эмгекти баалаган мыкты адамдар жасаган эрдик тууралуу айткым келди.
Эрдик эмей эмине. Өз кызын жаман жоруктарга багыттап керек жерде өгөй кызын кемсинтип жада калса үйүнө батырбай кууп чыгып же болбосо таптакыр адам жасагыс башка жоруктары менен басынткан убакта биздин долбоор билгендер үчүн улутка үлгү боло турган иштерди жасаган мыкты долбоор экенин карапайым калктан уккан жайыбыз бар. Аны менен сыймыктанабыз.
 
 
Дал ушул долбоор аркылуу Канттын кызын өзүнүн карамагына алган кыргыздын мыкты уулдарынын баш сабында турган «КЖ групп» курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташов март айында аталык милдети менен кызын турмушка узатты.
Ооз көптүрүп сүйлөгөн менен жасаган иши дал келбеген каармандарыбыз өтө эле көп. Ушундай кыйчалыш заманда Имамидин инимдин бул жасаган иши эрдикке тете. Жубайы өз кызындай чуркап сеп даярдап, «КЖ курулуш» компаниясынын аткаруучу директорлору баш болуп, коллектив менен бирге ошол кенедей кыздын тагдырына кайдыгер карашпай, конвертин камдап биргеликте ачуу басарына барып, кызыбыз жалгыз эмес артында жоон топ бакыйган биз турабыз дешип, кыздын Жалал-Абаддын Ала-Бука районуна узаганын, үй, жайы бар кыргыздын ыймандуу жигитине турмушка чыкканын билип, эшик төрүн көрүп келип, көңүлдөрү жай болуп отуруп калышыптыр. Анан ушул кызды тааныштырган КТРКнын да эмгеги бар дешип, бизге маалымат кызматы чалып, отчетун берип, силер берген аманатты турмушка узатып, милдеттен кутулдук деп сүйүнчүлөштү. Жакында чоң тоюна күбө болорубузду угуп биз да кубанып калдык. Эмнеси болсо да мээрим издеп жүрүп, мээримдүү адамга жолуккан Мечитгүл да бактылуу кыз экен. Мындан да бактылуу болуп, ырысы ашып ташып, кыргызга кызмат кылып, санын көбөйтүп, барган жеринен бак айтып, амандыкта жашай берсин дейли» деп жазылган билдирүүдө.
Редакциядан: Абдан жакшы иш жасаптыр. Мечитгүлдүн кубанычын бөлүшүп, эстен кеткис учурларды тартуулаган Имамидин Ташов жана анын жамаатына ыраазчылык билдирип, Мечитгүлгө аялдык чоң бакыт каалайбыз.