Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев  бюджетке бир миллиард сом которду. Бул тууралуу УКМКдан  кабарлады.

Маалыматка караганда, Жумалиев жалпы суммасы бир миллиард сомдон ашык акчага бааланган коммерциялык активдерди жана кыймылсыз мүлктү мамлекетке өткөрүп берди.

«Тергөө Жумалиевдин жаш курагын жана ден соолугун эске алуу менен сыртка чыкпоо жөнүндөгү тил каттын негизинде баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен Биринчи май райондук сотуна кайрылды», — дешти УКМКдан.

Эске салсак, Жумалиев коррупцияга шектелип кармалып, Биринчи май райондук сотуна алып келинген. Сот анын баш коргоо чарасын тандап, эки айга камакка алган.