Абдуллабек Асан уулу, Ош областынын Ноокат районунун тургуну болот. Учурда Германиянын жогорку окуу жайларында магистратура окуп жаткан кези. Ал жакта окуу системасы кандай өзгөчөлүктөрү, артыкчылыктары жөнүндө «Kadam.media.kg» порталына маек берди.

— Мен жогорку билимди Орусиядан окуп аяктадым. Айыл чарба академиясынын ветеринария факультетин бүтүргөмүн. Окуу кезинде Германияга практикага 2 ирет келип кеткенмин. (2014, 2016 жылдары) ошол кезде бул тармакта билимимди жана немец тилин өркүндөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болгон.

2018-жылы РФда окууну ийгиликтуу аяктап Германиянын Вайнштефан Триздорф (Weihenstephan Triesdorf) атындагы университетке магистратурага тапшырдым. Эл аралык айыл чарба менеджери факультетине. (Internationales Masterstudiengang Agrarmanagement).
Бул окуу жайга жыл сайын конкурс аркылуу студенттерди тандап алышат. Мен дагы конкурстан ийгиликтүү өтүп, бул жакта билим алуу мүмкүнчүлүгү берилди…
2018-жылы окуум башталган, ушул жылы экзамендерди жана дипломдук ишти ийгиликтүү тапшырып окууну ийгиликтүү аяктадым. Айыл чарба тармагы мен учун эн кызыктуу тармак. Анан дагы биздин өлкө агрардык өлкө болуп эсептелинет эмесби, бирок жаңы технология, метод жана билим жетишсиз деп ойлоймун.
Элибиздин көпчүлүгү айыл жеринде жашап, ар бир үй-бүлөнүн чакан жер үлүшү, эки үч бодо малы жана бак чарбасы болот.
Эгер элден сурамжылоо болсо, саясатты же кээ бирки спорттун түрлөрүн жакшы айтып бериши мүмкүн бирок эң керектүү болгон: бакты кайсы убакта кыскартуу керек, малды катип тойунтуп көбүрөөк сүт алса болот, кайсы мезгилде кандай ооруга каршы эмдөө керек же жерди кантип туура азыктандыруу керек ушундай нерселерди аткарууда маалыматтын, билимдин аздыгы, таңкыстыгы байкалып турат.
Менин дагы бир каалоо тилегим, айыл чарбасынын өнугүүсүнө салым кошуу, алган билимимди элиме жеткирсем жана алар менен иш жүзүндө аткарсак.
Бизде башка чоң өндүрүштөр болбогондуктан, айыл чарба тармагын өнүктүрүү өтө маанилүү.
Чет өлкөлөргө иштегени кеткен мекендештердин саны азаймак. Өзүбүздүн өндүрүштүү өркүндөтүүгө жана жумуш менен калкты камсыздаганга шарт түзүлмөк деп ойлоймун.
Көпчүлүгү юридикалык, экономикалык же мугалимдик дипломду алып койуп өзү чет өлкөдө иштеп жүрөт. Эгер айыл чарба тармагында окуганда туура тандоо болмок деп эсептеймин.
Фермер болбосо, оокат жок, оокат жок келечек жок деген жакшы сөз бар эмесби… Анын сыңарындай биз Кыргызстан айыл чарбага көбүрөөк көңүл бурулса жакшы болоор эле.
—  Окуу жайга кантип тапшырса болорун жана ал жактагы жашоого кыскача токтолуп кетсең?

— Hochschule Weihenstephan Triesdorf аталышы ушундай окуу жайдын. Окуу жайдын сайтына кирип кат жазуу керек болот, алар ссылку жонотот ал жактан электрондук турдо регистрация болот. Анан кат келет конкурс (тандоо) качан жана кайсыл жерде болоору айтылынат. Немец мугалим барып айтылган жерде жазуу турундо жана ооз эки суйлошуу жолу менен кабыл алат. Ал үчүн албетте англис же немец тилин билүү шарт. Мен мисалы Воронеж шаарында конкурска катышканмын. Кыргызстанда Бишкек шаарында сүйлөшүү жана кабыл алуу жолдору айтылып кабыл алынат. Бул жакта студенттер бир убакытта окуп жана иштесе да болот. Жогорку билими жана тил билген ар бир адам сынакка катышып окууса болот. Германия бул — эмгекти сүйгөн инсандардын шаары. Жалкоолорго туура келбейт. Бир жолу сынактан калсан мүмкүнчүлүк берилет андан соң жок. Эмгектенуу жана билим алуу керек. Кыргызстандан жаштар келип окуп, жаны технологиялардын негизинде билим алып, аны Кыргызстандын өнүгүшүнө салымын кошсо. Ал жактан алган тажрыйбаны колдонсо, өлкөгө пайдасы тийбей койбойт. Учурда дипломду алдым, Кыргызстанда жумуш орун түзүлсө жакшы маяна берилсе, албетте бул жактан алган тажрыйба, билимди Кыргызстанда пайданаланамын деген ниетим бар» — деп сөзүн жыйынтыктады Абдуллабек Асан уулу.

Маектешкен Орозгүл Аташова