Коом

Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов Жердин эң бийик чокусуна чыгууну максат кылууда

Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов дүйнөдөгү эң бийик чокуга — Эверестке чыгууну пландап жаткандыгын Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Курамында кыргызстандык альпинис бар эл аралык экспедиция Непал тарабынан көтөрүлүүнү баштайт. Эвересттин бийиктиги 8848 метр.

«Легендарлуу орус альпинист Александр Абрамов жетектеген экспедиция 12-апрелде башталып, майдын аягына чейин уланат. Непалдан түштүк жол менен көтөрүлүү пландаштырылууда. Экспедициянын курамында Россия, Израиль, Малайзия, Өзбекстан жана Кыргызстандын тажрыйбалуу альпинисттери бар», — деп айтылат маалыматта. Мамлекеттик агенттик Кубатовго жаңы чокуларды ийгиликтүү багындырып, жакшы аба-ырайын жана жеңиштүү, кубаныч менен кайтып келиши каалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button