2021-жылдын 17-апрелинде Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын эл артисти Жумакадыр Каныметовдун “Ак–Мөөр” опера-дастанынын премьерасы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда театр тарабынан даярдык иштери жүрүп жатат.

Опера-дастандын дирижёр-коюучусу Кыргыз Республикасынын эл артисти Жумакадыр Каныметов, койгон режиссёр Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Искендер Сартбаев, койгон сүрөтчү Кыргыз Республикасынын эл артисти Маратбек Шарафидинов, балетмейстер — коюучу Тилек Кийизбаев, хормейстер – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Карагул Тиленчиев. Либреттосун жазган Кыргыз Республикасынын эл акыны Акбар Рыскулов.

Опера-дастандын башкы ролдорун А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери аткарат.

“Ак–Мөөрдүн” ролунда эл аралык сынактардын лауреаты Айзирек Момунова, “Болоттун” ролунда – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Тилек Найманбаев, “Жантай хандын” ролунда – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Кайымбек Кускаков, “Күлүйпанын” ролунда — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлнур Ниязбаева, “Ажалдын” ролунда – Салиа Маматова, “Бугу-Эне” – Бактыгүл Бокоева, “жарчы” – Мурат Дербишалиев, “Жаштык”- Анипа Ибраевалар аткарышат. Опера–дастан 2 көшөгөлүү жана музыкалык драма стилинде коюулат.