Ысык-Көл облусундагы кырсыктан үч адам каза болду Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Түп районунда 12-апрель күнү түнкү саат 23:14 төр чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 204-чакырымында (Михайловка айылына жакын) Тойота Камри жана Ауди С4 үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

“Кырсыктан  3 эркек адам (2002-ж.т. К.А., 2001-ж.т. Т.К., 2001-ж.т. Р.К.) каза болуп, 3 эркек адам (2000-ж.т. Т.уулу Б., 2000-ж.т. А.уулу Ы., 2000-ж.т. Ж.Т.) жабыркаган. Тартылган куткаруучулар каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркагандар Түп райондук ооруканасына тез жардам аркылуу жеткирилген. Куткаруу иштерине Каракол шаардык №15 өрт куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу тартылган”,-деп айтылат маалыматта.

Возможно, это изображение (автомобиль и на открытом воздухе)