Кыргызстанда жугуштуу пневмония жана COVID-19 оорусунун дагы 227 учуру аныкталып, 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Ага ылайык, Бишкек шаарында 141,
Ошто 6,
Чүйдө 64,
Ош облусунда 2,
Таласта 1,
Нарында 1,
Ысык-Көлдө 9,
Жалал-Абадда 1,
Баткенде 2 учур катталган.
Өлкөдө бир күндө коронавирустан төрт адам каза болду.
Үч өлүм Бишкек шаарында, бирөө Чүй облусунда катталган.
2020-жылдын март айынан бери республикада 1532 адам каза болду.