Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жоокер ефрейторду атып алды. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-апрели күнү эрте мененки саат 07:58де ИИМдин Ички аскерлеринин Кара-Көл шаарында жайгашкан 718 аскер бөлүгүнүн Каскад Токтогул ГЭСтерин кайтаруу боюнча кароолунун курамында турган катардагы жоокер Б.К. куралын оксуздандыруу учурунда кокусунан атып жиберген.

Натыйжада кароолдун башчысынын жардамчысы, ефрейтор Н.И. оң колунан жаракат алган. Учурда анын абалы туруктуу, ден соолугуна олуттуу коркунуч келтирилиген эмес жана Кара-Көл шаардык аймактык бейтапканасында дарыланууда.

Аталган факты боюнча Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан зарыл болгон сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүөт.