«Газпром Кыргызстан» мектеби карантинге жабылып, окуучулар аралыктан билим алууга өттү. Бул тууралуу окуу жайдын директору Татьяна Кузнецованын билдирүүсүнө таянуу менен «Спутник» агенттиги жазды.
Анын айтымында, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан эки класстын окуучуларынан коронавирус табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
«Мындан улам Билим берүү жана илим министрлигинин алгоритмине ылайык, эки аптага аралыктан окууга өттүк», — деди жетекчи.
«Газпром Кыргызстан» компаниясы курган мектеп 960 балага ылайыкталган. Окуу имараты Аалы Токомбаев (Түштүк магистраль) көчөсүндө жайгашкан.