Президенттин Жогорку Кеңештеги мурунку өкүлү Курманбек Дыйканбаев үй камагына чыгарылды. Бул маалыматты бүгүн 13-апрелде Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Ал 1-апрелдеги токтомдун негизинде 24-майга чейин үй камагында болот.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү, ошол эле учурда Президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары кызматын ээлеген Д.К. октябрь айында шайлоо жараяны учурунда саясий партиянын кызыкчылыгы үчүн стратегиялык мааниге ээ мамлекеттик ишкананын жетекчисин 7 млн сомдон ашык акча берүүгө мажбурлаганы аныкталган. Д.К. жетекчиге эгерде акча берүүдөн баш тартса, кызматынан бошотуларын айтып коркуткан.

Мыйзамсыз ээ болгон акчаны Д.К. парламенттик шайлоо алдындагы иштерге, тактап айтканда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, шайлоочулардын көбүрөөк добушуна ишенимдүү түрдө ээ болуу үчүн жумшаган.

24-ноябрда Д.К. Жазык кодексинин 320-беренесинин (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) 3-бөлүгүнүн негизинде кармалып, УКМКнын абагына камакка алынган.

Курманбек Дыйканбаев 4-октябрдагы парламенттик шайлоого депутаттыкка талапкер катары «Биримдик» партиясы менен катышкан. Ал партиянын тизмесинде 58-орунда болчу.