Урматтуу жарандар, сиздер «Балдарды жана жаштарды спорттун түрлөрү боюнча машыктыруу» мамлекеттик кызматын 75 уюмдан (ОРБӨМ, БӨМС) ала аласыздар.
Бул мамлекеттик кызмат Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагындагы дене тарбия жана спорт мекемелеринде бүткүл республика боюнча акысыз көрсөтүлөт.
Балдар, өспүрүмдөр жана 28 жашка чейинки жаштар төмөндө көрсөтүлгөн документтерди берип, спорттун түрлөрү боюнча ар түрдүү секцияларга жазылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. (кеңири маалымат Мамагенттиктин www.sport.gov.kg сайтынын «спорттук мектептердин маалымат базасы» бөлүмүндө):
— эркин формадагы арыз;
— 086 белгиленген формасындагы медициналык маалымкат;
— жашы жете электер үчүн ата-энелердин эркин формадагы жазуу жүзүндөгү уруксаты;
— ким экендигин ырастаган документтердин көчүрмөсү;
— 3×4 өлчөмдөгү (4 даана) фотосүрөт.
Кошумча суроолор боюнча 0312 32-53-02, 0704 66-61-12 телефондоруна кайрылсаңыздар болот.
Маалымат иретинде:
Машыктыруучу-окутуучулардын жалпы саны-1767
Машыгуучулардын жалпы саны-49 416.