Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-апрелде, Борбор Азия өлкөлөрүндө сапар менен жүргөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) учурдагы төрайымы жана Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде менен жолугушту.

Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, ар кыл чөйрөдөгү эки тараптуу байланыштарды бекемдөө маселелери жана жакынкы келечекте кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Мамлекет башчысы ЕККУ менен, ошондой эле Швеция өлкөсү менен эки тараптуу негизде тыгыз кызматташууга дайыма даяр экенин билдирди.

Президент өткөөл мезгилдин аякташын белгилеп, өлкөдөгү акыркы коомдук-саясий процесстерге токтолуу менен ички саясий кырдаал турукташканын маалымдады.

Садыр Жапаров өлкөдөгү шайлоо иш-чараларын өткөрүүдө эл аралык байкоочулардын ролун баса белгиледи.

Ал Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, бардык жоопкерчилик мамлекет башчысына жүктөлөрүн айтып, анын кабыл алынышы өлкөдөгү тартипти чыңдап, андан ары өнүгүшүнө кепилдик берет деп ишенерин билдирди.

Мамлекет башчысы ошондой эле ЕККУ менен кызматташтыкка токтолуп, Уюмду коопсуздук жана кызматташтык маселелеринде тең укуктуу диалог үчүн маанилүү аянтча деп атады.

Президент Уюм менен кызматташуунун натыйжалуу мисалы катары ата мекендик шайлоо процессиндеги системалардын өркүндөтүлүшүн белгиледи.

Ошондой эле, ал Кыргызстандагы этностор аралык саясаттын механизмдерин жана инструменттерин өркүндөтүү долбоорлорунун алкагында ЕККУнун Улуттук азчылык иштери боюнча жогорку комиссарынын бюросунун конструктивдүү ишин баса белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстан ЕККУнун аймагында эркиндик, демократия жана коопсуздук идеяларына берилген өлкө бойдон кала берерине токтолуп, Уюмдун принциптери менен милдеттенмелерин толук сактагандыгын ырастады.

Ошону менен бирге президент Садыр Жапаров Швеция менен мамилелерди эки жана көп тараптуу форматта өнүктүрүү зарылдыгын айтып, анын коррупцияга каршы күрөшүү тажрыйбасына жана экология менен айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

ЕККУнун учурдагы төрайымы Анн Линде Кыргызстан ЕККУнун өтө баалуу өнөктөшү жана мүчө-өлкөсү экенин айтып, Уюм кызматташууну улантуу ниетинде экенин белгиледи.

Гендердик теңчилик жана тынчтык менен туруктуулукту калыптандырууда аялдар маанилүү ролду ойной тургандыгын, бул ЕККУнун артыкчылыктуу багыты экендигин белгилеген Анн Линде Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук кеңешинин Тынчтык менен туруктуулукту калыптандырууда аялдардын ролу жөнүндө резолюциясын ишке ашыруу боюнча Иш-план кабыл алган, ошондой эле жергиликтүү кеңештерге шайлоодо аялдарга 30 пайыздык квота киргизген региондогу биринчи өлкөлөрдүн бири катары куттуктады.

Ошону менен бирге ал айлана-чөйрөнү коргоо маселелери дагы Уюмдун ишиндеги артыкчылыктуу багыт экенин баса белгилеп, ушул жылы Климат жана анын коопсуздукка тийгизген таасири жөнүндө министердик декларация кабыл алуу пландары жөнүндө маалымдап, Кыргызстан бул демилгени колдоруна үмүт артты.

Анн Линде Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы биргелешкен кызматташтыкты чыңдоо зарылдыгына көңүл буруп, бул дагы кыргыз-швед эки тараптуу мамилелерин чыңдоо үчүн негиз болуп саналарын кошумчалады.

Жыйынтыгында президент Садыр Жапаров Кыргызстан ЕККУ менен мындан ары да жемиштүү кызматташууга ар дайым ачык жана даяр деп ишендирди.