«Баламдын тагдырына балта чаптым»
Балам биринчи класстын босогосун аттады. Азыр жаш деп, өзүбүз жеткирип, кайра алып келебиз. Балдар сабактан чыкканча ата-энелер сыртта күтүп турабыз. Баламдын классында окуган бир баланы дайыма чоң атасы алып келип, алып кетет. Бул ирет да ошол ата келди. Орундуктар бош эмес болгондуктан ордуман туруп аксакалга орун бердим.
— Келиңиз ата бул жерге отура туруңуз, — дедим.
— Рахмат балам, өмүрүңдөн береке тап. «1-б» класс чыга элекпи? — деп сурады.
— Эми чыгышат, чыга элек, эжекеси дептерлерин текшерип жатыптыр — дедим.
— Мейли окушсун, баланын окуганы жакшы, — деп аксакал сөзгө кирди.
— Баарын тең жаш өтүп калганда түшүнөт экенсиң. Ар бир баланын өз насиби бар деген менен, ошол баланы насибин тапканга үйрөтүү, турмушта ордун табууга жол салуу ата-эненин милдети экен. Муну айтып жатканымдын себеби, кезинде ортоңчу уулум тентек чыгып, тил албай, 7-классында компьютердик оюндарга берилип кеткенде, ачуум менен мектептен чыгарып алып, чоң атасына жардамчы кылып мал кайтартып койгон элем. Ошол кезде заман мындай болуп кетээрин кайдан билдим.
Чоң атасы тарбиялап билгенин үйрөтүп, ал киши ааламдан өткөндө, балам 18ге чыкканда кайра өзүбүздүн колубузга келди. Ортодо армияга барып кызмат өтөп келди. Бой жетип, 25ке чыкканда үйлөндүрдүк. Балам каранын сулуусу. Алгач 5-курста окуп жаткан кызга баш кошту. Ал кыз балам тууралуу, баарын билип, окубай калганын укканда бир жылга жетпей кетип калды. Арадан жыл айланбай, экинчи ирет келиндүү болдук. Чынында апасы, тааныштарынан сурап жүрүп, мектепти бүтүп, үйдө отурган кыз алып берди. Келинибиз тың, үй оокаттарын бүт жасайт. Анан чоң атасынан калган сарайга экөөнү көчүрүп бардык, ошол жактан мал кайтарып тирилик кылып жаткан. Бир жылы чөп кымбаттап, мал арык болуп, кыштан чыкпай кырылды.
Балам ал кезде 5 балалуу болуп калды. Шаардан жумуш караштырып, өзүнө ылайыктуу жумуш таппай, акыры Россияга кетти. Ал жакта иштеп тапкан акчасы беш баласынан артпайт. Бирок, балдарын эч нерседен кем кылбай багып жаткан. Суукта курулушта иштеп жүрүп, өпкөсүнө суук тийип кайтып келди. Эки жылдай үзбөй дары ичип жүрүп азыр жакшы. Бирок, балам кайра баргысы жок Россияга. Биз картайдык. Мурдагыдай жардам кыла албайм балама. Чоң балдарымдын өздөрүнүн бүлөсү бар. Тун уулум үйгө келген сайын урушат, «убагында бекер мектептен чыгарып алгансың» деп.
Азыр мен да ошого өкүнөм. Баламдын бактысына балта чапкан экенмин. Тескерисинче окутуп, билим алдырсам азыр жок дегенде айлык аз болсо да балдарынын тамагына чыгып турмак экен.
Азыр неберелеримди өзүм мектепке колунан жетелеп барып окутам. Келечекте кор болбосун деп.
Өткөндө мектепте сабак берген мугалим менен сүйлөшүп калдым.
— Аксакал, бала бул тирүү инвестиция, баланын билиминен эч аянбоо керек. Чоңойгондо өз ордун таап кетүүсү үчүн окутуу керек. Азыр мүмкүнчүлүктөр көп. Бирок, көп ата-энелер телефон менен балдарынын убактысын өткөрүп жатышат. Баланын психологиясы бузулуп жатат, — дейт.
Байкасам, азыркы балдар кыйла акылдуу. Бирок, аларга туура, татыктуу тарбия берүүдө, ата-энеден көп нерсе көз каранды экенин унутпаса азыркы жаштар. Мен болгону өз башымдан өткөнүн айтып, балдарга жакшы билим бергиле деген гана сунушту айткым келди, — деп сөзүн жыйынтыктады аксакал.
Аңгыча балдар класстан чыгып, аксакал менен коштошуп үйгө бет алдык. Чынында аксакал туура айтат. Азыр менин балам да үйгө барат. Шаша-буша чайын ичип, телефонго жабышат. Телефон деген азыр балдарга аябай ооруу болуп калды, кандай кылып, кандай жол менен алаксытуу керек? Жакшы эле жаныбарлар дүйнөсүн, кооз жаратылыш, же жомоктор тууралуу көрсөтсөң деле, бир аз көрөт да, баягы эле оюндарга өтүп кетет.