Борбор калаанын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча комплекстүү иш-чаралардын алкагында Капиталдык курулуш башкармалыгы жалпы билим берүү мекемелеринин көмүр менен иштеген от казандарын газга өткөрүү боюнча долбоорлоо-изилдөө иштерине сынак жарыялайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө жазылгандай, жумуштун сметалык баасы 6 миллион 198 миң 875 сомду түзөт. Каражат шаардык бюджетте каралган.

Төмөнкү мекемелерде көмүр менен иштеген от казандары газга өткөрүлөт:

  • №12 бала бакча;
    • №23 мектеп;
    • №35 мектеп;
    • №15 мектеп;
    • №54 мектеп;
    • №59 мектеп;
    • №32 мектеп;
    • Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борбору.

«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын жана Билим берүү башкармалыгынын суранычы боюнча, Капиталдык курулуш башкармалыгы жалпы билим берүү мекемелеринин көмүр менен иштеген от казандарын газга өткөрүү боюнча долбоорлоо-изилдөө иштерине сынак жарыялады», — деп жазылат мекеменин маалыматында.