Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев саясатчы Өмүрбек Текебаевдин соттон акталышы тууралуу Facebook социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүдөй билдирүү калтырган:
«Жакшыны да айта билели.
Жалган жалаа менен соттолгон саясий ишмерлердин азыркы бийликтин тушунда акталып жатышы алкоого татыйт. Бийлик эл турмушун тез арада оңдоп жибере албашын түшүнөбүз, бирок адилеттүүлүктү камсыздап берсе, баарыбыз ыраазы болобуз, кубаттайбыз!
Текебаев менен Чотонов ак жеринен камалган, муну ошол учурунда эле айтып чыкканбыз. Чет элдик бир шылуунга таянып, өз уулдарыбызды негизсиз азапка салышты. Бүгүн акталды.
Аида Салянованы да ойдон чыгарылган иш менен жөн эле жылдап кыйнашты, бир иши боюнча жакында акталды, ушундай болушу керек болчу. ЖКдагы алдыңкы үчтүн бири эле эже, адилетсиз системанын айынан акылын пайдалана албай жүрөбүз.
Курсан Асановду да камакка алуу туура эмес болгон, кечээ үй камагына чыкканы жакшы болду, эми толук акталсын.
Сотубуз адилеттүү иштеп, бийлик кийлигишпесе, кадрлар туура тандалса, калыстык болсо, сын айткандарды жээрибесе, жакшыны жакшы деп, кубаттап турганга эмне жетсин. Эми, Тилекматты да чыгарат деп ишенебиз» — деп жазган Жанар Акаев.