Бишкек мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен бирге мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүүнү улантууда.
Мэриянын маалыматына ылайык, борбордун Каркыра жана Кадыр Аке көчөлөрүнүн кесилишиндеги өз билемдик менен орнотулган темир тосмо, «Учкун» кичи районунда мыйзамсыз орнотулган 20 тонналык контейнер алынды.
«Ак-Тилек» конушундагы «Ак-Тилек» көчөсүн реконструкциялоонун алкагында кызыл линиядан чыгып кеткен үч дубал жана Түгөлбай-Ата көчөсүндөгү темир тосмо алынып салынды. Ошондой эле, Армейский көчөсүн оңдоо үчүн жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү дубал жана дарбаза алынды.
«Тунгуч» кичи районунда жайгашкан унаа жуучу жайы жана Куйручук көчөсүндөгү күркө демонтаждалды.
Булак: Биринчи радио