Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнүн Кара-Жыгач айылында ашар жолу менен жол курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолдун узундугу 7 чакырым, туурасы 7-8 метрди түзөт.

Бул жол аркылуу Майдан айыл өкмөтү гана эмес, Марказ жана Котормо айыл өкмөттөрүнүн айдоо жерлерине жана жайытка чыгышат. Жолдун курулушу менен жалпысынан 3 айыл өкмөттү кошкондо 6000 гектардан ашык жерди иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Себеби, буга чейин жолдун начардыгынан улам элдин каттамы токтоп турган.

Жолдун курулушуна демөөрчүлөр тарабынан 2,5 миллион сом акча каражаты сарпталган. Ошондой эле жергиликтүү тургундар акчалай да, эмгек күчү менен да жардам көрсөтүшкөн. Натыйжада айыл эли биримдикте иш башташса, кандай гана жумуш болбосун бүтөрүнө ынанышкан.

«Биз кыргыздар илгертеден эле ашар жолу менен көп жумуштарды бүтүрүп келгенбиз. Мисалы, айылда бирөө үй курганда туугандары, кошуналары кетмен-күрөгүн көтөрө келип жардамын беришкен. Чоң Чүй каналынын (БЧК) курулушуна эч кандай техника иштетилген эмес. Жергиликтүү эл кетмен-күрөк менен эле бүтүрүшкөн. Ошол иштегени үчүн акча алмак турсун, түштөнүү учурунда курсагы тоё тамак жешкен эмес», — деди активист Тариел Чуңкуров.

Жол куруу 2020-жылдын 25-декабрында башталган. Алгач жол салуу иштери 2 айдын ичинде бүтөрү күтүлүп жаткан. Бирок жер кыртышы таштуу болгондуктан 3 айга созулуп кеткен.

Жолдун ачылышына жергиликтүү тургундар, бийлик өкүлдөрү жана коомдук бирикменин мүчөлөрү катышкан. Аксакалдар жол куруп, карапайым калктын көйгөйүн чечүүгө салым кошкон ыктыярчыларга ак батасын берип, ыраазычылыктарын билдирди.

Булак: Турмуш сайты