Тиешелүү мыйзам долбоорун Ички иштер министрлиги иштеп чыкты. Ага ылайык, 5 бузуу боюнча административдик жаза төмөндөтүлөт.
Анын ичинде жол белгилерине баш ийбөө жана унааны токтотуу эрежелерин бузуу бар.
Алсак, айдоочу токтом жазылгандан кийинки 15 күндө айыпты төлөсө, анда айып 70 пайызга арзандайт.
Акыркы сумма ошондо 1 миң сомдун ордуна болгону 300 сомду түзүп калат. Токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Булак: Биринчи радио