Көз жоосун алып, айымдардын ажарына-ажар кошуп, улуттук орнаменттер түшүрүлүп жасалган, кооз зер буюмдардын жаратуучусу Алмаз Кабылов менен  баарлаштык. 

Зергерлик кесипти  аркалаган Баткендин кулуну, корей улутунан өмүрлүк жар таап,  жаш шакирттерди  тарбиялап, балдарга зергерликтин сырын үйрөтүп  келет.

— Алмаз мырза зергердик ааламга кантип аралашып калдыңыз?

— Мен орто мектепти бүтүп Бишкеке келгенимде Сүймөнкул Чокморов атындагы кол өнөрчүлүк лицейине окуп, ошол эле учурда зергерге жардамчы катары иштеп баштадым.
Андан  «Айпери» деген зергер буюмдарын жасоочу ишканада 2 жылдай иштедим.

Зергердик өнөрдү үйрөнүү канча убакытты талап кылат? Бала чактан эле кызыгууңуз бар беле?

— Бул кесипти үйрөнүү мен үчүн кыйынга турду десем болот. Мисалы бир жасалчу ишти 8 жылда үйрөндүм.

Бала кезде кызыга баштадым, бирок, бул эмне кесип экенине түшүнчү эмесмин. Мисалы дарыя боюндагы таштардан жүрөкчө жасачумун анан мет зымдардан чынчырчага окшогон буюмдарды, ооруканадан капельницанын шлаңгаларынан таап ар кандай буюмдарды жасачумун.

Бул мага өзүм түшүнбөгөн кесип болду окшойт (күлүп).  Чоң таяталарда зергерликти аркалагандар болгон экен деп угам.

— Учурда өлкөбүздө бул жаатта атаандаштык кандай? Зергердик өнөр кандай абалда?

— Чынында, конкуренттерге башка өлкөлөрдөн келген зер буюмдарына туруштук бере албай калдык десем жаңылышпайм.  Зергерчилик Кыргызстанда өтө оор абалда. Жаңы технология жок, анан жаштардын кызыкчылыгы жокко эсе кадр маселеси кыйынчылык туудурууда.

— Жаштар кызыкпайт деп калдыңыз, бул эмнеге байланыштуу?

— Азыркы убакта иммиграция күч алган убак. Зергерлик кесипти үйрөнүүгө жок дегенде эки үч жыл кетип калат. Ошондуктан,  менимче жаштарга жашоо шартка байланыштуу, күнүмдүк акча кызык болуп жатат го.

— Зер буюмдарды жасоо үчүн керектүү материалдарды кайдан аласыз? Сиздин ишмердүүлүгүңүзгө  кандай тоскоолдуктар бар?

— Алтынды скупка продажадан топтойбуз. Бул бизге такыр жетишсиз, мисалы сезон күз айларында башталат, алтын такыр жок болгон убакыттар болот.

Бизнеске тоскоолдук деле жок, бирок, жаш ишкерлерге мамлекет кам көрсө болмок. Өнүктүрүү фондунан акча бөлүп (кредит) өзүбүздөн чыккан алтынды сатып алууга шарт түзүп беришсе жакшы болот эле.

— Өкмөт жакында ишкерлерди коргойбуз, бизнессти өнүктүрүүгө жакшы шарттар түзүлөт дешти?

-Окуп коем, бирок программаларды иштеп чыгарыш керек кандай деңгээлде, кайсы тармакка жардам беришет?  Зергерчилик тармакта иштегенден бери эч кандай жардам маселесин көргөн жокмун.  Азыр өзүбүз акырындан аракет жасап, саттыкка чыгарып жатабыз. Биздин жасаган зер буюмдар,  Цум жана Арбатта сатылууда.

 

— Биз билгенден жеңебиз корей улутунун кызы. Алгачкы шакиртиңиз жубайыңыз болсо керек?

— Ооба,  жеңеңер корей улутунан. Азыр  кыргыздын салты менен жашап, орозо кармап намаз окуду келинчегим (күлүп).  Бирок,  алгачкы шакиртим классташ дос балдарым болгон, алар жеңеңдин тамагын азыр да сагынышат.

Келинчегим мага тирөөч болду.  Кийинчерээк, карап көрүп,  жаш балдарды  алып келип үйрөтө баштагам. Алардын баарын өз баласындай көрүп, баарынын кирин жууп, тамактандырып, жакшы кабыл алды. Азырга чейин баарын жакшы көрөт.

— Алмаз мырза, кызыктуу маегиңиз үчүн сизге терең ыраазычылык. Үй-бүлөлүк бакыт, кармаган орозоңуздар кабыл болсун.

— Силерге да чоң рахмат, ушундай ишкерлерге кайрылып, абалын сурап, калың журтка тааныштырып жаткан. Элибизде тынчтык болсун. Ооруу сыркоодон алыс бололу.

Маектешкен     Назгүл Шүкүрова