Бишкекте жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен  маалымдашты.

Жарыш 16-17-апрелде борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы спорт ордосунда болот.

Мелдеш Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Жеңил атлетика боюнча федерациясы тарабынан өткөрүлөт.