Түркмөнстанда унаалардын сырткы көрүнүшүнө жаңы талаптар киргизилди. Жаңы эрежелердин катарында — «Транспорттук каражаттын бардык бөлүктөрү, анын ичинде заводдук унаалар да ак түстө болушу керек» деп жазылган. Бул тууралуу « Свобода » радиосунун түркмөн кызматы жазат.

Унааларга карата жаңы талаптар апрель айында массалык техникалык кароо (МОТ) башталганда эле айтылган. Эми мамлекеттик мекемелердин бардык унаалары, анын ичинде автобустар, жеңил автоунаалар, почта транспорттор толугу менен ак түстө болот.

Буга чейин бул талап жеке менчик унааларга гана тиешелүү болгон. Коюлган талаптар аткарылбаса, айып пул салынып, унаа токтотуучу жайга жөнөтүлөт.