Жай мезгилине даярдануу максатында Батыш-2 суу алуучу жана шаардык суу менен камсыздоо тармактарындагы оңдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу эртең борбордун кээ бир көчөлөрүндө ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-апрелде саат 09:00дөн кечки 21:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта ичүүчү суу үзгүлтүккө учурайт. Жибек Жолу, Манас кең көчөсүнүн бир бөлүгү, Махатма Ганди көчөсүнөн Баялинов көчөсүнө чейин, Журнальная көчөсүнүн Жибек Жолу кең көчөсүнөн Күрөңкеев, Мичурин көчөсүнө чейин, Ала-Арча дарыясынын Осташовкская, Москва жана Ден Сяопин көчөлөрү тарап.

«Бишкек суу канал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт, шаар тургундарынан жана мекемелерден ичүүчү сууну камдап алууну өтүнөт», — деп айтылат маалыматта.