Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департамент кызматынын директору Бахтияр Шакиров вакцинадан эмес, анафилактикалык шоктон улам каза болгон. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев “Парламентаризм сабактары” программасына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлүмдүн себеби соттук-медициналык экспертиза менен далилденди.

“Трагедиядан кийин кимдир бирөө ал коронавируска каршы вакцина алгандан кийин каза болду деп жазган. Ушуга байланыштуу эмдөөнү бир нече күнгө токтотууга туура келди, анткени элдер корко баштаган. Иликтөө жүргүзүлүп, ТИМдин кызматкери балдар ооруканасында антибиотик алуу учурунда анафилактикалык шоктон улам каза болгону аныкталды. Балдар ооруканасында чоң кишиге асма укол саюу чоң катачылык болгон. Экинчиден, антибиотик алардан мурда үлгү (проба) жасалышы керек. Азыркы учурда иликтөө уланууда, ушул убакыт аралыгында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору, башкы дарыгер, кулак-мурун оорулары бөлүмүнүн башчысы жана медайым убактылуу иштен четтетилди”, — деди министр.

Эскерте кетсек, «Жал» кичи районунда, 1-апрелде балдар ооруканасында ТИМдин Консулдук департамент кызматынын директору 40 жаш курагында каза болгон. Анын өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.