Орусиянын Президенти Владимир Путин коронавируска каршы вакцинаны экинчи ирет алды. Ал биринчи  эмдөөнү мындан үч жума мурда  23-мартта алган алган.

Путин эмдөөдөн кийин «бир аз тер басты» деди, бирок дене табы нормалдуу болгон.

Президент башка жарандар андан үлгү алышат жана эмдөөдөн өтүшөт деген ишенимин билдирди.

Биринчи вакцина алгандан кийин президенттин өкүлү Дмитрий Песков мамлекет башчы өзүн жакшы сезип жаткандыгын, ал кадимкидей эле иштей бергенин билдирди. Ошол эле учурда Песков Путин Орусияда  иштелип чыккан үч вакцинанын кайсынысы эмделгенин так айткан жок.