Өгөй атама таарынып, көпкө чейин сүйлөшпөй жүрдүм…
Жаш кезимди эстеген сайын, мени багып өстүргөн өгөй атамдын алдында өзүмдү ыңгайсыз сезе берем. Анткени ал кезде мен жаш болуп оюнга тойбой турган чагым болгон экен.
Апам менен менин өзүмдүн атам, мен бир жашка чыкканда ажырашып кетишип, апам экинчи ирет турмушка чыгат. Бала кыялымда апамды кызганып жүрүп, ошол сезим мен эс тарткан сайын сакталып кала берди. Тескерисинче, өгөй атам мага жакын болуунун амалын издеп, акыры чарчаганда өз оюма койду.
Секелек кезимде дайыма коргоп кайтарып турчу. Бул адаты ого бетер жек көрүүмдү күчөтүп, ал жумушка кеткен кезде келбей эле койсо дейт элем. Эми ойлосом мындай кылыктарым менен апамды бир топ кыйнаган экенмин.
Эсимде, бир жолу апам менен атам бир жерге кетишти. Мен ал кезде 1-класска жаңы барган убагым эле. Инимди мага карап тур деп таштап кетишти. “Сенин атаң башка” деп, эки-үч үй ары жашаган, чоң эжемдин үйүнө алып барып салган элем, “иниңизди караңыз” деп. Чоң эжем, өгөй атамдын эжеси, бул жооругумду азыр да айтып күлүп калат. Чоң эже деп атамдан улуу болгону үчүн эмес, ал толук, семиз болгондуктан “чоң эже” деп алганмын.
Өзгөчө 14–15 жашымда кыздар менен чогулуп, кечинде отуруш өткөрөт элек. Атам мени түнкү саат 12ден өткөндө келип алып кетип кала турган. Ал күнү мен былтыйып, коркутуп, тамак ичпей сабакка кетет элем. 16га чыкканда мектепте бир класс өйдө окуган жигитти жактырып калдым. Экөөбүз сүйлөшүп жүрдүк, ал кокус мектепке келбей калса, кабатыр болуп, ойлонуп ошол күн кызыксыз өтө турган. Аны менен сүйлөшүп жүргөнүмдү билип калып, атам ал жигитке жолугуп, “дагы бир ирет менин жанымдан көрсө катуу жазалай турганын” эскертет. Ал үчүн бир айга жакын атам менен сүйлөшпөй жүрдүм.
Күндөрдүн биринде, мектепте күбүр-шыбыр кеп жүрүп, мен жакшы көргөн жигит өзүнүн классында бир кыз менен сүйлөшүп калганын кулагым чалды. Ал үчүн да атамды күнөөлөдүм. “Урушуп койду эле, ал жигит башка менен жүрүп кетти” деп.
Бул тыюулардын баарын качан гана турмушка чыгып балалуу болгондо түшүндүм. Тескерисинче атама аябай ыраазы болуп калам. Азыр өзүмдүн кызым же уулум түнү кечигип калса, өзүмдү коерго жай таппай, келгенче жүз ирет чалам. Анан да, кыз адеби кымбат деп, жакында абысыным келин алды. Алган келин менен бала мурда эле сүйлөшүп жолугуп жүрчү экен. Өздөрүнүн “биз баарына макулбуз, мурда жолугуп жүрчүбүз, өзүм макул болгом” дегинен карабай, баары бир сөз ээрчиди. Айыл ичин “Асылайдын келини намысы жок” келиптир деген айың кеп аралап жүрдү. Бул сөз кийин да бир топ жыл өтсө да айтылаары айдан ачык. “Түкүнчөнүн келиниби? Ушинтип келгенби” деп.
Азыр ойлоп калам, атам байкуш менин келечегимди ойлоп, эртеңки күнү кепке калбасын деп, кайтарып, аярлап жүрүп турмушка узаткан экен. Үйлөнүү тоюубузда да «кызым» деп сүйлөгөнү эсимде. Азыр отурсам-турсам кызымды татыктуу уясына узатып алсам, эл алдында бетим жер карабаса деп тилейм.
Атам, апам картайып калышты. Бат-баттан барып кабар алып турам. Барган сайын батасын берип узатат. Көрсө, мени ааламдагы эң жакшы «ата» багып чоңойткон экен.
Чынында бир жолу, турмушка жаңы чыккан кезимде, өзүмдүн атама деле жолуктум. Анын жанында өспөгөнгөбү жакшы кабыл ала албай койдум. Жат кишидей сезилип туруп алды. Айтат эмеспи тапкандыкы эмес баккандыкы деп, кантсе да, бала кезимден канатына калкалап, кийимдин жакшысын, тамактын таттуусун берип баккан өгөй атама боор басып калдым да.
Автору Жазгүл Баяналиева
Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.