Коргоо министрлигинде 2021-2022-окуу жылына карата аскердик окуу жайларга тапшырууну каалаган абитуриенттердин документтерин кабыл алуу башталды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билидирди.

Аскердик окуу жайлардын тизмеси, бөлүнүп жаткан орундардын болжолдуу саны жана аскердик окуу жайларга тапшыруу шарттары жөнүндө маалымат Коргоо министрлигинин расмий сайтындагы (www.mil.gov.kg) «Билим берүү» бөлүмүндө жайгаштырылган.

Аскердик окуу жайларга тапшырууну каалагандар сайттагы аталган бөлүмдө онлайн каттоодон өтүп, андан кийинки нускама боюнча иш алып барышы керек.

Документтерди кабыл алуу 20-мага чейин жүргүзүлөт.