Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын жанындагы ачкачылык жарыялагандардын бири ооруп калды, ага тез жардам чакырылды. Бул тууралуу акциянын дагы бир катышуучусу, Кыргызстан коммунисттер партиясынын өкүлү Амантур Манапбаев фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, ден-соолугуна байланыштуу дарыгерлер ооруган жаранга ачкачылыкты улантууга тыюу салган. «Бирок, ал нааразычылыгын токтотуудан баш тартты», — деп жазган Манапбаев.

Эскерте кетсек, 12-апрелден бери Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы менен макул болбогон партиялардын өкүлдөрү БШКнын имаратынын жанында нааразычылык акциясын өткөрүп жатышат. Алар шайлоонун жыйынтыктары жараксыз дешип, «баарына бирдей шарттар» камсыз кылынышы үчүн кайрадан шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда.