Ушу Саньшоу (Саньда) боюнча чемпионатта  ИИМдин “Шумкар”  атайын багыттагы полкунун Ош шаарында жайгашкан №3 батальонунун кызматкерлери байгелүү орундарга ээ болушту.

Милиция кызматкерлери алдына коюлган жоопкерчиликтүү тапшырмалырдын аткаруу менен бирге, спорт чөйрөсүндө бир топ ийгиликтерди жаратып келет. Үстүбүздөгү жылдын 5-8-апрелине чейин Ош шаарында болуп өткөн Ушу Саньшоу (Саньда) боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатына Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар”  атайын багыттагы полкунун Ош шаарында жайгашкан №3 батальонунун кызматкерлери, катышып байгелүү орундарга ээ болушту.

90 кг салмакта  Жороев Маратбек, ал эми 70 кг салмак боюнча Абдуганиев Канатбек байгелүү 1-орунду камсыз кылышып, 2021-жылдын август айында АКШнын Даллас шаарында өтө турган Ушу Саньшоу (Саньда) боюнча Дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алышты.

Ал эми,  Улукбек уулу Дамир, Жаанбай уулу Айтибай жана Тойчубеков Мелис 80кг, 90 кг жана 85 кг салмак категориясында 2-орунга ээ болушту. Кыргызымдын эр жүрөк тайманбас мырзаларынын кызматына чоң жетишкендиктерди каалайбыз!

ИИМдин АБПнын №3 батальонунун басма сөз кызматы