Кыргызстанда жугуштуу пневмония жана COVID-19дун  дагы 305 учур аныкталып, 6 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 186 учур катталды,

Ош шаарында — 7,

Чүй облусунда — 89,

Таласта — 4,

Нарында — 1,

Ысык-Көлдө — 12,

Жалал-Абадда — 4,

Баткенде — 2.

 

2020-жылдын март айынан бери республикада жугуштуу пневмония жана COVID-19 ооруларынын 91 144 учуру катталды.