Бишкекте №13, №28 жана №52 мектептер карантинге жабылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан маалымдашты.

Мектепте башталгыч класстардын, 5-9-11-класстардын 100 миңден ашык окуучусу окуп жаткан. 1 миң 377 окуучунун ата-энеси үйдөн онлайн-форматта окууну улантуу тууралуу арыз жазган.

«Азыркы учурда борбор калаада COVID-19 менен аныкталган учурларга байланыштуу 3 мектеп, атап айтканда, №13, №28 жана №52 мектептер жабылды», — деп айтылат маалыматта.

Балдар же мугалимдерден илдет табылса, Билим берүү жана илим, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун алгоритмине ылайык ыкчам иштер жүргүзүлөт.

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, онлайн режимге толук өтүү ооруган бала же ооруган мугалим менен болгон байланыштын санына жараша болот, чечим эпидемиологдор тарабынан кабыл алынат.