Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

УКМК мурда билдиргендей, 2021-жылдын 18-февралында Матраимов кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, камакка алуу баш коргоо чарасы каралган.

Эми кылмыш иши токтотулуп, баш коргоо чарасы жокко чыгарылганы айтылды.

Ошол эле учурда Матраимов өз ыктыяры менен базар баасы 20 миллион сомдон жогору жалпы аянты 232,3 чарчы метр батирин мамлекеттин бюжетине өткөрүп берди.