Маалым болгондой, буга чейин, Бишкек шаарында жарандык активисттер Айзаданын өлүмү боюнча ИИМдин башчысынын  отставкасын талап кылып нараазычылык акциясына чыгышкан.

Ал арада Өкмөт үйүнүн алдына бей өкмөт уюмдун ишмердүүлүгүнө жана ЛГБТга каршы жүздөгөн адам митингге чыккан. Алар ИИМдин имаратын көздөй бет алып, ал жердеги  жарандык активисттерди кууп чыгышты. Милиция коопсуздук үчүн жарандык активист Рита Карасартованы таксиге салып жиберди.

«Бей өкмөт уюмдун өкүлдөрү Айзаданын өлүмүн шылтоолоп жатышат.  Жөнөкөй карапайым 40 милиция иштен кетти. Булар бузукулар «,- дейт  жарандык активисттердин бирөөсү.

Учурда митингчилер эки тарап болуп бөлүнүштү, милиция окуяны көзөмөлгө алды.