Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлору тарабынан «Селсаяк» аталышындагы рейд жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Рейддин максаты Жалал-Абад шаарынын аймагында коомдук жайларда лөлү тектүү жарандардын ыңгайсыздык жаратууларынын алдын алуу болуп саналат.

Жүргүзүлгөн профилактикалык иштердин натыйжасында 5 ата-эне балдары менен тилемчилик кылып жүргөндүгү аныкталды. Алардын ичинен 3 жаран Өзбекстандын Бухара облусунан келгендиги белгилүү болду. Аларга коомдук жайларда ыңгайсыздык жаратпоо зарылдыгы эскертилип, коронавирус илдетине байланыштуу эпидемиологиялык абал түшүндүрүлдү.