Социалдык тармактарда белгисиз адам кызды күч колдонуп унаага салып жаткан видео тарап, аны милиция кызматкерлери издеп жаткан. Видеодогу кыз менен бала аялы-күйөөсү болгонун ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Булар аялы жана күйөөсү болушкан. Алар 22 жаштагы Р.М. жана 23 жаштагы Ж.А. Чүйдүн Ысык-Ата районунун тургундары. Алар өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Учурда бири-бирине эч кандай доолору жок», — деп жазылат маалыматта.