Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту.
Тараптар жолугушууда бир катар маселелерге токтолушуп, анын ичинен парламенттер аралык өнөктөштүк, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) алкагындагы алакалар тууралуу сөз кылышты. Муну менен катар эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалы боюнча ой бөлүштү.
Төрага Талант Мамытов парламенттер аралык кызматташтык жогорку деңгээлде экенин белгилеп, кыргыз тарап калыптанган өз ара байланышты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин кошумчалады.
Өз кезегинде Валентина Матвиенко 2021-жылдын 11-апрелинде Конституциянын жаңы долбоору боюнча уюштурулган референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Төрайымдын айтымында Федерация Кеңешинин делегациясы Кыргызстандагы референдум жогорку деңгээлде, ачык жана демократиялык шартта өткөнүн белгилеген. «Кыргыз Республикасында Баш мыйзамдын өзгөртүлүшү маанилүү кадам болду, анткени Конституция бардык мамлекет үчүн негизги мыйзам болуп эсептелет», — деди Валентина Матвиенко.
Ал эми Төрага Талант Мамытов КМШ ПААнын Төрайымына Кыргызстандагы референдумга жана шайлоого карата даярдыктын жүрүшүнө, алардын өткөрүлүшүнө мониторинг кылуу үчүн ассамблеянын байкоочуларын жөнөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле Төрага Баш мыйзамдын долбоору боюнча референдум өткөрүү жөнүндөгү демилге, ушул жылдын январында башкаруу формасын тандоо максатында өткөрүлгөн референдумдун уландысы экенин маалымдап, анда шайлоочулардын 80%дан ашууну башкаруунун президенттик формасына артыкчылык бергенин кошумчалады.
Эскерте кетсек, Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңешинин отурумуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына барган.