Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай сурма комбинатынын учурдагы абалы жана алдыдагы иш багыттары менен жеринен таанышып, тийиштүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилери жана иштөөчүлөр, жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрдү.

   

Эл өкүлүнүн пикиринде буга чейин ар кандай жагдайлар менен банкроттук абалга келип, атайын администратордун башкаруусуна өткөн Кадамжай сурма комбинатын ички мүмкүнчүлүктөрдүн жана инвесторлордун жардамы менен иштетип кетүүгө болот. Мындай ойлорду комбинатта бир топ жылдан бери эмгектенген жарандар дагы билдиришкен. Эл өкүлү иш сапары тууралуу «Кадам-медиа.кж» маалыматтык порталына маалымат берди:

— Кадамжай сурма комбинатынын мындан аркы иштеп кетүүсү боюнча жолугушуулар  өттү. Мында комбинатка көп жылдык өмүрүн берген жумушчулар жана министрликтен башка тийиштүү мамлекеттик мекемелерден келген өкүлдөрү маселени талкуулоо учурунда жакшы сунуш-пикирлерди билдиришти.

Кадамжай сурма комбинатынын алды да келечеги бар. Учурунда 6 миңге жакын адамды жумуш менен камсыз кылган. Аябай өнүгүп өскөн. Кийин жумушка кайдыгер болгон инвесторлордун айынан ушундай оор акыбалга келип калды. 2020-жылдын жайында (банкрот) деп табылып анан атайын администрацияга өткөрүлүп берилген. Ал жердеги жумушчу топ менен биргеликте сүйлөшүүлөр болду. Анда Кадамжай сурма комбинатында 1989-1993 жылдан бери иштеп кесибин өздөштүргөн мыкты адистер бар. Бирок көп жылдан бери айлык маянасын ала албай же болбосо пенсияга чыга албай жүргөн жумушчурларды кездештирүүгө болот.

Комбинаттын абалы менен таанышып чыктык. Жумушчулар  «азыр биздин билимибиз жана күчүбүз болгон учурда комбинаты кайра ишке киргизип албасак анда кеч болуп калат. Бизге инвестиция тартып берсе, өзүбүз деле колдон келишинче иштетип жаштарга да үйрөтүп, багыт берет элек» деген ойлорун айтышты. Элдин кайдыгер эместиги, оптимистиги кубантты. Дагы алдыда көп пландар, аракеттер бар. Комбинат сөзсүз иштеп, кайрадан жумушчу орундар түзүлүп, жанданыш керек» — дейт депутат Бурул Аманова.