Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата көк бөрү боюнча республикалык мелдеш Талас облусунда өтөт. Бул тууралуу көк бөрү федерациясынан билдиришти.

«3-майдан 9-майга чейин Улуу Жеңиш күнүнө карата арналган турнир, Талас облусунун Райкан Алканов атындагы ат майданында өтөт. 2-май күнү чүчү-кулак кармалат», — деп билдиришти аталган федерациядан.

Турнирге катышуучу командалар арыздарын 30-апрель күнү саат 17:30га чейин Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясына тапшыруусу зарыл.