Диетолог Керри Майор 40 жаштан кийин салмакты кантип сактоо керектиги жөнүндө айтып берди. Анын кеңешин британиялык Red журналы жарыялаган.

Эксперттин айтымында, жаш өткөн сайын ашыкча салмак кошпоо үчүн, тамактануу режимин көзөмөлдөп, физикалык активдүү болуп, түнкүсүн жетиштүү уктоо керек.

Диетолог берген кеңеште, белок жана жашылча жер-жемишти көбүрөөк колдонууну сунуштайт. Мындан тышкары, тамакты алдын-ала пландаштырып, тамакка колдонуучу азыктарды бир жума алдын ала даярдап койгон жакшы. Анткени, убакыт жетишпеген учурда, зыяндуу тез даярдалуучу тамактарды сатып алууга туура келбейт.

Ошол эле учурда, Мэйджор аз тамактанууга же сүйүктүү тамактарыңыздан баш тартууга мажбур кылган диеталарга отурууга кеңеш бербейт. Анткени бул куракта организмге витаминдер көбүрөөк талап кылынат. Анын ою боюнча, натыйжалуу ыкма — бул туура тамактануу адаттын калыптандыруу.

Физикалык активдүүлүк спорт менен гана чектелбеши керек дейт ал. Күндүз көбүрөөк кыймылдаңыз: эгер мүмкүн болсо, лифт же эскалатор болгон учурларда дагы, тепкичтерди тандаңыз. Ал эми спортко келсек, бул жерде эксперт салмак менен көнүгүүлөрдү жасоону сунуштайт.