12-апрелде Алматы шаарында 2021-жылдагы Азия күрөш кеңешинин генералдык ассамблеясы болуп өттү. Анын жүрүшүндө мурдагы Ички иштер министри жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Мелис Турганбаев Азиянын Күрөш Федерациясынын Кеңешинин аткаруу комитетинин мүчөсү болуп тандалды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында, төрт жылдык мөөнөткө иштөө үчүн Азия Күрөш Кеңешинин аткаруу комитетинин мүчөсү болуп төмөнкү талапкерлер шайланды:

  1. Турлыханов Даулет (Казакстан)
  2. Ли, Кеннет Оливер (Корея)
  3. Турганбаев Мелис (Кыргызстан)
  4. Аль Магреби Абдулла (Йемен)
  5. Буяндельген Пельджи (Монголия)
  6. Фукуда, Коджи (Япония)
  7. Жанг, Йе (Кытай)