Бүгүн, 16-апрелде Саламаттык Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын берүүдө.

Анын айтымында, өлкөдө азыркы тапта коронавирус менен ооругандар көп болуп жатат жана эмдөө алганга ашыкпагандар көп. Буга себеп маалымат каражаттарында Тышкы иштер министрлигинин кызматкеринин эмдөөдөн каза болгон деген маалыматтын тарап кеткенинде.

Министр белгилегендей эмдөөнү алгач журналисттер алыш керек. «Силер биринчи эмдөө алышыңар керек. Анткени маалымат каражат өкүлдөрү силер эл менен жолугуп, аларды көп аралайсыңар. Ошолоду сактайм десеңер эмдөөнү алгач силер алышыңар керек», — деди ал.