Министр: “Оору башталганда Президентке кайрылдык”

272

Бүгүн, 16-апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын өткөрүп жатат.

Ал өлкө аймагында коронавирус күндөн-күнгө жайылып жатканын белгиледи. Ал эми илдетти дарылоодо өлкө башчысы сунуштаган дарыны колдонуп жатканын кошумчалады.

“Садыр Жапаров ошол кездеги Президент Сооронбай Жээнбековго элге уу коргошунду берсек оору токтойт деп кат жазган. Бирок Жээнбеков ал катты окуп да койгон эмес. Андан кийин Жапаров мага кайрылды, мен ал кезде дарыгер болуп иштечүмүн. Анан туугандарыма бердим. Алар айыкты. Азыр оору башталганда кайра Президентке кайрылдык. Анткени анын атасы Нуркожо ата көп жылдан бери ашказандагы ракты жана башка ооруларды дарылап келген жана аны баласы Садыр Нуркожоевичке үйрөтүп кетиптир. Мисалы 100 литр сууга канча кошуу керек экенин берип жатат. Биз аны бөтөлкөгө куюп жеткирип жатабыз”, – деди министр.