Бүгүн, 16-апрелде Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунун турниринде Айсулуу Тыныбекова атаандашын ири эсеп менен жеңип алды.

Буга чейин, мелдешке 62 килограмм салмакта килемге чыккан Айсулуу Тыныбекова, алгачкы беттешинде индиялык Сонам аттуу балбан менен кез келмек. Бирок, атаандашы килемге чыгып, күрөшүүдөн баш тарткандыгы үчүн Айсулуу Тынбековага дароо жеңиш ыйгарылган.

Айсулуу Тыныбекованын кийинки атаандашы казакстандык Ирина Кузнецова болду. Күрөштүн жүрүшүндө, Тыныбекова ишенимдүү түрдө атаандашын 11:1 эсебинде жеңип алды.

Эми,  балбан кызыбыздын, кийнки атаандашы түштүк кореялык Юнг Жин Квон аттуу кыз менен килемге чыгаары күтүлүүдө.